Ссылки доступа

Канадада 80 миң калктуу шаар өрттөн улам эвакуацияланууда


Канаданын Альберта провинциясында токой өрттөнүп, 80 миң калкы бар Форт Мак-Маррей шаарында эвакуация иштери башталды. Шаарда май куйган жайлар жарыла баштаганда тургундарга шаардан чыгып кетүүгө көрсөтмө берилген.

Канадалык СВС телеканалы билдиргендей, өрттөн кеминде эки квартал жабыркады. Каза болгондор жана жарадарлар тууралуу кабарлана элек.

Шаардан чыгуучу жападан-жалгыз жолду өрт каптап, күндүн ысыгынан жана күчтүү шамалдан улам тез күчөй баштаганда дүрбөлөң башталган. Буга чейин калаанын түштүк тарабындагы 30 миңдей адам үйүн таштап кеткен болчу. Өрткө каршы жүздөн ашык өрт өчүрүүчүлөр күрөшүүдө. Аларга жардамга атайын тик учак да жиберилген.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жергиликтүү бийликке жардам берүүгө даяр экендигин билдирип, жарандарды эвакуация жөнүндө буйруктарга кулак салууга чакырды. Форт Мак-Маррей ири мунай кендерине жакын жайгашкан.

XS
SM
MD
LG