Ссылки доступа

Тажикстанга Ооганстан президенти келет


Ооганстан президенти Мухаммад Ашраф Гани Тажикстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Тажикстан ТИМинин Маалымат департаменти билдирет.

Иш сапары 10-11-майга белгиленген. Ашраф Гани Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана башка жогорку кызматтагы адамдар менен жолугушат.

Бул Ашраф Ганинин Ооганстандын улуттук биримдик өкмөтү жарыялангандан кийинки Тажикстанга болгон алгачкы сапары болуп саналат.

Ушул жылдын март айында Эмомали Рахмон ооган кесиптешин Тажикстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG