Ссылки доступа

Ондой адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды


Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында аталган концерндин башкы директорунун уулу Тохиржон Жалилов да бар экендиги айтылууда.

Жалилов өзү да өткөн жуманын аягында камакка алынган. Ага компаниянын акчасын шылуунчулук менен жеп алды деген айып тагылууда.

Жалилов “унааларды Орусияга экспорттоо схемасын түзгөн” деп шектелүүдө. Документтерге ылайык, унаалар Түштүк Казакстан облусунун борбору Шымкент шаарындагы убактылуу сактоочу жайда кармалып, кийинчерээк кайрадан Өзбекстанда сатыкка чыгарылчу экен. "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлагандай, Жалилов бул ишке Өзбекстандын президенти Ислам Каримов өзү кийлигишкен соң камакка алынган.

Азыркы тапта Тохиржон Жалилов Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө изоляторунда отурат. Ал GM Uzbekistan өзбек-америка автоконцернин 2010-жылдан бери жетектеп келет.

XS
SM
MD
LG