Ссылки доступа

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды


Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва авиа каттамы аркылуу Москвага алынып келип, “Домодедово” аэропортунда эле тергөөчүлөрдүн колуна түшкөндүгүн кабарлады.

Кармалган Махмадали Ахмадов Самара облусундагы алты адамды өлтүрүүгө жана кичинекей кызды оор жарадар кылууга катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Бир күн мурун Тажикстандын ИИМ кызматкерлери издөөдөгү жаран республикадан чыгып кетүүгө камынып жаткандыгын аныкташкан.

Буга чейин Андрей Гошт менен анын 5 үй-бүлө мүчөсү 24-апрелге караган түнү Самара облусунун Сызрань районунун Ивашевка айылында өлтүрүлгөндүгү кабарланган. Бийликтин ырасташынча, кол салгандар подполковник Гошт менен анын жакындарын, анын ичинде карыган ата-энесин балка менен чаап өлтүргөн.

30-апрелде Орусиянын тергөө комитети массалык адам өлтүрүүгө шектелген үч адамды кармагандыгын, ал эми төртүнчүсү Тажикстанга качып кеткендигин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG