Ссылки доступа

Өлкөдө Конституция күнү белгиленүүдө


Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганына 23 жыл толду. 1993-жылы 350 депутаттан турган "легендарлуу парламент" эгемендүү Кыргызстандын Конституциясын кабыл алган.

1994-жылы ал өзгөртүлүп, Кыргызстанда эки палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлгөн. Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Баш мыйзам андан кийин 1996, 1998, 2003, 2006, 2010-жылдары өзгөртүлгөн.

Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков алыскы 1993-жылы Баш мыйзамдын кабыл алынышы – Кыргызстандын соңку тарыхындагы эң орчундуу окуялардын бири экендигин белгиледи. Ал өлкөнүн ички жана тышкы алакаларын жөнгө сала турган мамлекеттик бийликтин жаңы форматын түзүүгө жол ачкан.

«Парламентаризм жолу – узак, бирок ишенимдүү жол. Өлкөдө чыныгы элдик бийлик салттарын калыптандыруу жүрүшүндө бир топ кыйынчылыктар жаралары, алдыбызда татаал дагы, катаал дагы жол турганы белгилүү болчу. Ошого карабастан, кыргыз коомчулугу, анын ичинде кыргыз парламенти жаңы шартта, жаңы нукта ишенимдүү кадам таштады. Ал азыр алгачкы натыйжаларын бере баштады», - деди ал куттуктоо сөзүндө.

Өлкөдө Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө 2020-жылга чейин тыюу салынган. Бирок акыркы учурда аны өзгөртүү демилгелери көтөрүлүп келет.

XS
SM
MD
LG