Ссылки доступа

"Жер митинги”: алгачкы камакка алуулар


Алматы шаарынын тургуну 1-майда шаар борборунда уруксатсыз митинг өткөргөнү үчүн 15 суткага камакка алынды.

Алматы шаарынын райондор аралык соту билдиргендей, Н.Кемелбаев “тынч чогулуштарды уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузганы үчүн” күнөөлүү деп табылды. Ал 15 суткага административдик камакка калынды.

Сот материалдарына ылайык, 1-майда кечинде Райымбек проспекти менен Пушкин көчөсүнүн кесилишинде Кемелбаев “уруксатсыз митинг уюштурган”. Анын жүрүшүндө айыл чарба жерлерлерин сатууга жана чет элдиктерге узак мөөнөткө ижарага берүүгө каршы пикирин билдирген. Бул митингге “жүзгө чамалаш” адам катышкан.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Алматыдагы башаламан нааразычылык акциясы туурасында видео жайгаштырылган. Анда ондогон тургун “жер маселеси” боюнча сүйлөп жаткан адамды угуп жатканы тартылган.

XS
SM
MD
LG