Ссылки доступа

Армения өкмөтү Карабактын көз карандысыздыгын таанууну колдоду


Армения өкмөтү 5-май күнү Тоолуу Карабакты көз карандысыз республика катары таануу боюнча мыйзам долбоорду жактырды. “Интерфакс” тараткан кабарга ылайык, жакын арада ал парламент кароосуна жөнөтүлөт.

Азербайжан Тышкы иштер министрлиги муну чагымчыл аракет катары баалап, эл аралык нормаларга дал келбестигин айтууда. Баку Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагына кирерин, бул БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы менен бекитилгенин белгилейт.

Ал тапта Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ мамлекеттери боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкий Армения боюнча мыйзам долбоору жаңжалды курчутууга салым кошорун билдирди.

Мурда Ереван сүйлөшүү жараяндарына тоскоолдук жаратпоо максатында аймактын көз карандысыздыгын таанууну карабай келген.

Азербайжан менен Армения ортосундагы Тоолуу-Карабак жаңжалы 1990-жылдан башында чыгып, аймак Ереванга ыктаган жикчилдердин колуна өткөн. Согуш учурунда Азербайжан бир нече райондорун да тарттырып жиберген. 1994-жылы Кыргызстандын ортомчулугу менен согушту токтотуу келишимине кол коюлган.

Өткөн айда абал кайрадан курчуп, эки тараптан аскерлер набыт кетти. Андан бери кырдаал чыңалып турат.

XS
SM
MD
LG