Айыпталуучулар Дилафруз Холова менен Иззатулло Фузайлов “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен кызматташып, Эмомали Рахмондун өмүрүнө кол салып, Хожент менен Вахдаттагы айрым объектилерди жардырмакчы болушкан.
Дилафруз Холова күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, 8,5 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми күнөөсүн жарым-жартылай гана моюндаган Иззатулло Фузайлов 10 жылга кесилди.
Сотто курал менен ИМ экстремисттик тобунун желеги табылбагандыгы белгиленди.
Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун өмүрүнө буга чейин эле -1997-жылы Хожентте кол салынган болчу. Анда мамлекет башчысы жана анын бир нече жандоочусу, анын ичинде ички иштер министри Якуб Салимов жараат алышкан.