Ссылки доступа

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт


Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады. Бул “Панама архиви” аталышындагы документтердин ашкереленишинен кийин жасалууда.

Өзгөчө салык зонасында жайгашкан каржы мекемелери кардар күтүүдөн мурда, компаниялардын чыныгы кожоюнундарын аныкташы керек. Максат-жалган фирмалардын бетин ачуу. АКШда Делавер, Вайоминг жана Невада деген бир канча штат бар, ал жерде бир-эки саат аралыгында эле кожоюндардын тек-жайын аныктабай туруп, компанияны каттап беришет.

Обаманын админстрациясы кабыл алган жаңы талап боюнча банктар, корлор, брокерлер жана башка каржы ортомчулар кардарларын текшерип, ким кожоюн экендигин жана кандай максат, пайда көздөй тургандыгын текшериши керек.

Бул арада АКШнын каржы министри Жек Лью Сенатка кайрылып, эл аралык 8 салык конвенциясын бекитип берүүгө чакырды. Бул документ каржы кылмыштарынын бетин ачууга, салык төлөбөй кирешелерин жашырып жүргөндөрдү ашкерелөөгө шарт түзөт.

XS
SM
MD
LG