Анын айтымында, бул жылы фестиваль атактуу кыргыз бийчиси, СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиевага арналат. Фестивалга Германия, Армения, Орусия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын балет өнөрүнүн өкүлдөрү катышат.
Фестиваль 15-майда кыргыз балетинин жылдыздарынын катышуусу менен М.Раухвергердин «Чолпон” спектаклин коюудан башталат. 17-майда болсо балет сүйүүчүлөр Адандын «Жизелин» Александр Спендиарян атындагы Армян улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери Мери Ованнисян жана Рубен Мурадяндын катышуусунда көрө алышат.
19-майда сахнада П. Чайковскийдин «Ак куулар көлү” (“Лебединое озеро») Дрезден мамлекеттик операсынын алдыңкы солисттери Светлана Гилёва менен Эл аралык конкурстардын лауреаты Денис Вегинийдин катышуусунда коюлат. 21-майда өтө турган гала-концертке Германия, Армения, Орусия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын балет өнөрүнүн өкүлдөрү катышат.