Ссылки доступа

АКШ: Иракта ИМ экстремисттик тобунун Анбардагы лидери өлтүрүлдү


Коалициянын Анбар провинциясындагы аба соккусунун натыйжасында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун командири өлтүрүлдү. Бул тууралуу АКШ бийлиги кабарлады.

Пентагондун басма сөз катчысы Питер Куктун маалымдашынча, Абу Вахиб менен кошо дагы үч адам алардын унаасына түшкөн бомбадан улам тындым болушкан.

Буга чейин эле аны жок кылууга аракеттер болуп келген. Бирок Пентагон биринчи ирет муну расмий тастыктады. АКШ жетектеген чет элдик коалиция Иракта 2014-жылдан бери “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүп келет.

XS
SM
MD
LG