Ссылки доступа

Сирияда курман болгондордун эстеликтерин кордоп кетишти 


Белгисиз адамдар Сирияда курман болгон Орусиянын Баатыры, Су-24 бомбалоочу учагынын командири Олег Пешков менен Кайратмандык орденинин ээси, деңиз жоокери Александр Позыничке тургузулган эстеликтерди кордоп кетишти. Айкелдер Амур облусунун “Амур” федералдык жолунда (Чита-Хабаровск) орнотулган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгондугун аймактык ИИМ башкармалыгынын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Инна Карташова билдирди. Азыр кылмыш жасаган адамдар изделүүдө.

2015-жылдын декабрында “Амур” федералдык трассасында Приамурьеде 7 жыл кызмат өтөгөн Олег Пешков менен Александр Позыничке арналган мемориалдык такта орнотулган. Пешковго арналган ташта Орусия Баатырынын жылдызы, бомбалоочу учактын сүрөтү жана шам чегилип, “Ал коркунучка тике карачу, бирок далыга сокку алды” деп жазылган.

XS
SM
MD
LG