Ссылки доступа

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда


Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн жарыялады. Бул 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга аз дегенди билдирет.

Улуттук банктын сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, экспорттун азайышы мунайга болгон баанын төмөндөшү менен байланыштуу. Өткөн жылдын төртүнчү чейрегине салыштырмалуу экспорттун төмөндөшү 16 пайыздан ашат. Мунайды жана газ конденсатын экспорттоо 41,1 пайызга кыскарган.

Импорттук товарлардын көрсөткүчү дагы 2010-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге түшүп калган. Импорт биринчи чейректе 5,7 миллиард долларды түзүп, 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27, 8 пайызга төмөндөгөн.

Импорттун көлөмүнүн азайышы валюта курсунун олку-солку болушунан келип чыккан. Негизинен азык-түлктөн тышкаркы күнүмдүк жана инвестициялык товарларды алып кирүү кыскарган.

XS
SM
MD
LG