Бирөөнүн жанынан 2016-жылдын 20-июлуна чейинки мөөнөткө берилген визасы менен паспорту чыккан. Калгандарынын жанында мөөнөтү өтүп кеткен “качкын” деген күбөлүктөрү болгон. Бул тууралуу жергиликтүү чек ара кызматынан кабарлашты.
Кармалгандарга чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн административдик жаза - айып пул салынган соң, жергиликтүү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Такталбаган маалыматтар боюнча, алар Кыргызстанга Тажикстан аркылуу киришкен.