Ссылки доступа

Өзбекстанда айлыктын ордуна жөжө берилүүдө


Каракалпакстандын Нукус районунда  нак акчанын жоктугунан улам мугалимдерге маянанын ордуна жөжө беришүүдө. Анын үстүнө баасы базардан эки эсеге жогору бычылган. Өткөн жылы каракалпакстандык агартуучуларга айлыкты картошка, сабиз, ашкабак менен төлөшкөн.

Өзбекстанда соңку эки жылдан бери накталай акчанын тартыштыгы өнөкөт илдет сыяктуу болуп калды. Ушул маселенин айынан калк айлап пенсия жана маяналарын ала албай келет.

Буга чейин өзбек ММКлары өлкөдө маянанын ордуна лампочка жана айыл чарба продукциялары жогорку баада сатылганын кабарлашкан.

Ушул жылдын февраль айында «Узбекэнерго» компаниясынын башчысы Искандар Басидов ишкананын 66 миң 579 кызматкерин LED үлгүсүндөгү үч лампочканы ай сайын кымбат баада сатып алууга милдеттендирген.

XS
SM
MD
LG