Аземге Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле Пакистан өкмөт башчысы Наваз Шариф менен Ооганстан өкмөт башчысы Абдулла Абдулла катышты.
Долбоордун алгачкы айланпасында Кыргызстан менен Тажикстанды байланыштырган жана кубаттуулугу 500 кВт болгон “Датка-Кожент” (477 чакырым) жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысы курулары күтүлүүдө.
Андан соң Тажикстандан Ооганстанды көздөй, кийинчерээк Пакистандын Пешавар шаарына чейин (750 чакырым) электр өткөрүү чубалгысы курулат. Долбоордун жалпы наркы 953 миллион долларды түзөт.