Ссылки доступа

Орусия Түркиянын жашылча-жемиштерине тыюу салышы мүмкүн


Россельхознадзор 16-майдан тартып Түркиядан алынып келинген бардык жашылча-жемиштерге тыюу салышы мүмкүн. Себеби карантин жарыялай турган жагдайлар пайда болгондугу айтылууда.

Аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Юлия Швабаускененин “Интерфакска” билдиришинче,кийинки жуманын башында лимонду, грейпфрутту жана ашкабакты алып келүүгө тыюу салынышы ыктымал.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул саясий себептерге байланыштуубу деген суроого жооп катары Россельхознадзордун саясат менен иши жок экендигин айтты. "Россельхознадзор өзүнө тиешелүү маселелер менен алектенет. Мекеме бул кадамын конкреттүү себептер менен түшүндүрүп жатат”, - деди ал.

Азыркы тапта Түркия Орусияга жашылча-жемиштердин бир топ түрүн экспорттой албайт. 2015-жылдын ноябрында Түркия аскердик аба күчтөрү орусиялык Су-24 учагын атып түшүргөндөн кийин эки өлкөнүн мамилеси кескин солгундаган.

XS
SM
MD
LG