Ссылки доступа

Тажикстанда балдар акыйкатчысы дайындалды


Тажик парламентинин төмөнкү палатасы депутаттардын көпчүлүк добушу менен Ражабмох Бадриддинованы Тажикстандагы Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматына дайындады.

Анын талапкерлигин президент Эмомали Рахмон сунуштаган. Ал ошол эле убакта акыйкатчынын орун басары болот.

Былтыркы жылдын декабрында тажик парламенти тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен балдардын укуктары боюнча акыйкатчы кызматын түзүүгө өбөлгө жараткан.

Парламент өкүлдөрүнүн көпчүлүгү бул кызматтын түзүлүшү абдан туура чечим деп эсептейт.

Социалдык уюмдар менен жарандык коом балдарга карата зомбулуктун күч алышына, балдардын эмгеги кеңири колдонулушуна жана тамак-аштын жетишсиздигине кыжаалат болгондугун байма-бай билдирип келишет. Тажикстандагы 300 миң баланын бою калориясы аз жана витамини жетишсиз тамак-аш колдонгонго байланыштуу жакшы өспөй жаткандыгын акыркы изилдөөлөр көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG