Ссылки доступа

Обама Орусия агрессиясына каршы европалык өнөктөштөрүнө колдоо көрсөтөт


Бүгүн АКШ президенти Барак Обама Түндүк Европанын беш өлкөсүнүн лидерлери менен жолугат. Күн темасынын негизги бөлүгү Орусиянын аскердик дымагынын күчөшүнө арналат.

Швеция, Дания, Финляндия, Норвегия жана Исландия жетекчилери мамлекеттик сапардын алкагында Вашингтондо чогулушат. Обама алар менен Ак үйдө Сирия жана Ирактагы коопсуздук маселелерин талкуулайт.

2014-жылы Крымдын аннексияланышы Орусиянын коңшулары-Түндүк өлкөлөр менен Балтика өлкөлөрүн кабатыр кылды. НАТОдо Орусия агрессиясынын кеңейишине бөгөт коюу аргалары изделүүдө. Ак үй Түндүк Европадагы өнөктөштөрүнө колдоо көрсөтүү ниетинде.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин ага директору Клифф Купчан Кошмо Штаттар аймактагы коопсуздук маселелерине терең киришип жаткандын билдирди. Абалды жакшыртуу үчүн жамааттык негизде кандай кадамдар жасалары жигерүү талкууланарын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG