14-май күнү Москвадагы Хованский мүрзөсүндө тажик жана кавказ тектүү жарандар арасында жапырт мушташ чыгып, үч киши набыт болгон. Үчөө тең тажикстандыктар экени расмий бышыкталды. Окуянын чоо-жайын тажик консулдугу териштирүүдө. Мушташта ок атуучу курал да колдонулуп, 20дай адам жараат алып, ооруканага жаткырылганы кабарланды.
Күбөлөрдүн айтымында, мүрзөдө иштеп жаткан тажикстандык мигранттарга белгисиз топ келип кол салган жана акча талап кылышкан. Окуя боюнча Тергөө комитети кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери башталды.