Ссылки доступа

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты


Ukraine, Kyiv - Jamala arrived in Borispol, 15May2016
Ukraine, Kyiv - Jamala arrived in Borispol, 15May2016

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып, жаңы ыр жазгандыгын кабарлады.

Анын сынакта аткарган "1944" композициясы Экинчи дүйнөлүк согушта крым-татар калкынын Борбор Азияга мажбурлап көчүрүлгөнүнө арналган.

Жамаланын чыныгы ысмы - Сусанна Жамаладинова. Ал Кыргызстанда туулган. Сынактагы акыркы ыр таймаш Стокгольмдогу Globe Arena залында өтүп, ага Европа, Кытай, Австралия, Жаңы Зеландия жана Кошмо Штаттардын 200 миллиондон ашуун көрүүчүлөрү назар салышкан.

Экинчи орунду автралиялык ырчы Дэми Ин ээледи. Ал Sound of Silence деген ыры менен 511 упай алган.

Үчүнчү орунга орусиялык ырчы Сергей Лазарев You're The Only One аттуу ыры менен илинди. Ал 491 упай алды. Кийинки жылы Евровидение сынагынын жыйынтыктоочу бөлүгү Украинада өтөт.

XS
SM
MD
LG