Ссылки доступа

"Чек арасыз кабарчылар": РБК журналисттери саясий себептен улам куугунтукталды


“Чек арасыз кабарчылар” тараткан билдирүүдө редакциянын жетекчилигин иштен алуу Орусияда көз карандысыз ММКны ооздуктоонун классикалык ыкмасы болуп калды деп жазылган.

Аталган уюм көз карандысыз РБК медиахолдингинин башкы редакторлорун иштен алуу – “Орусиядагы көз карандысыз журналистикага урулган оор сокку” экендигин белгиледи.

13-майда РБК гезитинин башкы редактору Максим Солюс, андан соң шеф-редактор Елизавета Осетинская менен РБК маалымат агенттигинин башкы редактору Роман Баданин “Геленжиктеги Путиндин хансарайынын маңдайында устрица бага турган болушту” деген макаладан кийин жумуштан айдалышкан.

"Орусияда иликтөөлөр менен репортаждар маалымат айдыңынан сүрүлүп калгандыгы анык болуп калды. Бийликтин коррупциялык былыктары менен мыйзамсыз аракеттери - өзгөчө корголгон мамлекеттик жашыруун сыр сыяктуу”, - деп белгиленген “Чек арасыз кабарчылардын” билдирүүсүндө.

Уюм холдингдин дирекциясы жагдайды экономикалык себептерге байланыштырганга аракет кылганы менен үч башкы редактордун иштен айдалышы саясий чечим экендигинен эч кимдин шеги жок деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG