Ссылки доступа

Ереван менен Баку Тоолуу Карабакта ок атышуу токтогондугун тастыкташты


Армения менен Азербайжандын президенттери Тоолуу Карабактагы ок атышууну токтотуп, жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө ыктай тургандыктарын билдиришти.

Бул туурасында 16-майда Венада Америка, Орусия жана Франция ортомчуларынын катышуусу менен өткөн сүйлөшүүлөр учурунда макулдашылды.

Кийинки сүйлөшүүлөр июнь айында өткөрүлөт. АКШ Мамдепартаменти тараткан билдирүүдө эки мамлекет башчысы жаңжалды куралдуу тирешүү менен чечүү мүмкүн эместигин белгилешкен.

"Зомбулук тобокелдигин азайтуу максатында президенттер ЕККУда иликтөөлөрдү жүргүзүү механизмин тез арада аягына чыгаруу туурасында макулдашты. Ошондой эле Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин жетекчилиги алдында дайынсыз жоголгондор жөнүндө маалымат алмашуу ишин улантмакчы болушту”, - деп жазылган билдирүүдө.

Венадагы жолугушуу - Алиев менен Саргсяндын Тоолуу Карабактагы кырдаал апрелдин башында курчугандан берки алгачкы жолугушуусу.

XS
SM
MD
LG