Ссылки доступа

БУУ Орусияны крым татарларына каршы репрессияны токтотууга чакырды


18-май – крым-татар калкынын Крымдан куулган курмандыктарын эскерүү күнү. 1944-жылы аталган жарым аралдан Орто Азияга крым татарларынын алгачкы тобу жөнөтүлгөн. Бардыгы болуп 180 миң адам депортацияланган.

Жылына бул кунү Крымда массалык иш-чаралар, анын ичинде аза митинги уюштурулчу. Бирок Орусия Крымды 2014-жылдын 14-мартында аннексиялап алгандан кийин Симферополдун борборунда мындай акцияларды өткөрүүгө тыюу салышты.

Буга байланыштуу БУУ Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары башкармалыгынын спикери Руперт Колвилл Орусияны Крымдагы кысымга алуу саясатын токтотууга чакырды.

Ал Крымдагы Межилисти “экстремисттик уюм” деп атап, анын ишине тыюу салынышына кабатыр экендигин билдирди. Ошондой эле бир катар ММКнын ишине бөгөт коюлуп, тинтүүлөр, суракка алуулар жана камоолор арбып бараткандыгына кыжаалат болуп жаткандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG