Акыркы жылдары Фэннинг АКШ коргоо министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарда иштеп келген. Анын министр болуп дайындалышы ЛГБТ-кыймылындагыларга чоң дем берди.
«Эрик Фэннингдин армия министри болуп дайындалышы – куралдуу күчтөрүбүздөгү тең укуктуулукка жана адилеттүүлүккө болгон аракеттин илгерилеп жатышынан кабар берет”, - деп билдирди Human Rights Campaign укук коргоо уюмунун президенти Чад Гриффин. Сенаттын бул чечимин көптөгөн таасирлүү сенаторлор колдоого алды.
Эрик Фэннингди министр кылып дайындоо – АКШ президенти Барак Обаманын кезектеги кадамы. Анын тушунда кумсалардын армияда кызмат өтөөсүнө шарт түзүлгөн. Ошондой эле бир жыныстагы жубайлар үчүн мамлекеттик жеңилдиктер киргизилген.