Ссылки доступа

Өзбекстанда укук коргоочуларды мажбурлап жиндиканаларга жаткырышууда


Эмгекчилердин укуктарынын эл аралык форуму (ILRF) 1-мартта мажбурлап иштетүүнү түп-тамыры менен жоготуу ишиндеги лидерлиги, эр жүрөктүгү жана берилгендиги үчүн укук коргоочуларга сыйлык ыйгарылганын жарыялады.

Сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн арасында үч өзбек укук коргоочусу бар. Көз карандысыз журналист жана укук коргоочу Малохат Эшанкулованын айтымында, Өзбекстандын укук коргоо альянсынын жетекчиси Елена Урлаеваны мажбурлап психиатриялык ооруканага жаткырышкан. Сыйлык алуу үчүн АКШга жибербөө максатында бийлик ушундай кадамга барган.

Елена Урлаева – Өзбекстандагы адам укугунун бузулушун иликтеген укук коргоочулардын бири. Акыркы жылдары ал пахта талааларына барып, мажбурлап иштетилип жаткан адамдар менен жолугушуп турган. Сыйлык тапшыруу аземи 12-майда өттү. Ал ага катыша алган жок.

Буга чейин "Азаттыктын" өзбек кызматы жизактык укук коргоочу Аликул Сарымсаков жөнүндө мааалымдаган. Аны ушул жылдын март айында премьер-министр Шавкат Мирзияевди сотко бергенден кийин, Ташкентте уурдап кетишкен. Андан соң ал Жизак облусунун психиатриялык ооруканасына жаткырылган.

Өзбек бийлиги ташкенттик укук коргоочу Шухрат Рустамовду да акылынан ажыраган адам катары көрсөткөн. Ал 2015-жылдын 12-июнунда БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга жолдогон 28 беттен турган отчетун АКШнын Өзбекстандагы элчилигине алып барып берген эле.

XS
SM
MD
LG