Ссылки доступа

ТК: окуучулар “Гитлерди куттуктабай эле” оюн ойноп жатышкан


Орусияда Тергөө комитетинин Ростов облусу боюнча башкармалыгы иликтөө жүргүзүп, жергиликтүү окуучулар “Күн кайда экендигин көрсөт” деген оюн ойношкондугун маалымдады. Буга чейин айрым ММКлар аларды “Улутчулдардай салам берүү менен Гитлерди туулган күнү менен куттукташты” деп жазып чыгышкан.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжасында жек көрүү сезимдерин ойготуу беренеси боюнча иш козголбой турган болду.

Аталган оюндун шарты боюнча “оюнчулардын бири күтүүсүздөн “күн каякта экенин көрсөт” деп кыйкырганда, башкалары күн каякта экендигин ыкчам көрсөтө калышы керек. Мында ким кеч калса, оюндан чыгат”, - деп жазылган Тергөө комитетинин билдирүүсүндө.

2016-жылдын 22-апрелинде ММКларда Ростовдогу окуучулар Гитлерди туулган күнү менен куттукташкандыгы жөнүндө материалдар жарык көргөн. Макалада фашисттик Германиянын лидеринин туулган күнүндө (20-апрелде) балдардын бири социалдык түйүнгө мектеп окуучуларынын улутчулдардай болуп колун көтөрүп турган сүрөтүн жайгаштыргандыгы жөнүндө сөз кылынган.

XS
SM
MD
LG