Ссылки доступа

Назарбаев калкты биримдикке чакырды


Астанада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жер реформасы боюнча комиссия жер мыйзамдарын өркүндөтүү оюнча макулдашылган позицияны иштеп чыгышы керектигин белгиледи. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы Твиттерге жазды.

Назарбаев бир катар шаарларда жер маселесине байланышкан митингдер өткөндөн кийин комиссия түзүүнү тапшырган. Жыйында Назарбаев облустардын, Астана менен Алматы шаарларынын акимдерин жер реформасы боюнча түшүндүрүү иштерине жигердүү катышууга чакырган.

6-майдан бери өлкөдө Назарбаев жарыялаган мораторий күчүндө. Документ жерге байланышкан бир катар мыйзамдарга 2017-жылга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салат.

Мындан тышкары Назарбаев биримдиктүү болууга жана татаал маселелерди “конструктивдүү” диалог аркылуу чечүүгө чакырды.

Ал ортодо Казакстандын бир катар шаарларында жер маселеси боюнча уруксат берилбеген митинг өткөрүүгө белсенген деген айып менен бир катар активисттер камакка алынган.

XS
SM
MD
LG