Стивен Уоррендин айтымында, Орусиянын Сирияда абадан жана жерден сокку урчу күчтөрү бар. Ошондой эле сириялык режимге колдоо көрсөтө турган атайын бөлүк дагы кызмат кылууда.
Орус армиясы Пальмира шаарына жакын жерде убактылуу аскердик база уюштурган. Бирок бул убактылуубу же узак мөөнөттүүбү азырынча айтуу кыйын. Алар Пальмирадагы базада курулуш иштерин улантып жатканын кошумчалады Стивен Уоррер.
Ал акыркы учурда ИМ экстремисттик тобу орусиялык контингенттин чабуул бутасына алынганын да кабарлады. Өткөн жылы башталган абадан сокку уруу компаниясынын алгачкы айларында орусиялык авиациянын чабуулу сириялык оппозицияга багытталган болчу.