I-mash маалымдагандай, Өзбекстан 2013-жылы Airbus Helicopters менен келишим түзүп, куралдуу күчтөр үчүн сегизден транспорттук жана жеңил тик учактарды 180 миллион еврого сатып алмакчы болгон.
Германия өкмөтү адегенде саясий себептерден улам (Өзбекстанды демократиялуу эмес өлкө катары карап) келишимди ишке ашырууну кечеңдеткен.
2014-жылдын жайында Airbus Helicopters компаниясы Өзбекстанга “аскерий эмес” үлгүдөгү алгачкы эки тик учакты саткан. Бирок калган 14 тик учакты сатууга 2015-жылдын мартында гана уруксат берилген.