"Азаттыктын" түркмөн редакциясы кабарлагандай, жакында бул кампания кеңейтилип, Ашхабаддан алыс райондорго чейин жеткен. Спутник антенналарын алып таштоо элди тышкы дүйнө менен байланыштан ажыратуу максатын көздөшү мүмкүн деген күдүк ойлорду жаратууда.
Ашхабадда спутник антеннасын алып койгон адамдарга кабелдик телекөрсөтүүгө жазылууну сунушташкан. Айрым жерлерде борбордук антенналар бар. Антсе да алардын экөөндө тең каналдардын саны чектелүү.
Өлкөнүн чакан шаарларында эч кандай альтернатива да жок. Алар тышкы байланыштан ажырап, мамлекеттик телени гана көрүүгө мажбур. Учурунда президент өзү мамлекеттик каналды кызыксыз деп сыпаттаганы бар.