Ссылки доступа

Өзбекстан дүйнөдөгү чайды өтө сүйгөн өлкө катары таанылды


Euromonitor изилдөө борборунун сурамжылоо жыйынтыктарына караганда, өзбекстандыктардын 99,6 пайызы чай ичкенди жактырат. Ысык суусундуктардын ичинен кофеге табиттери анча тартпайт.

Өзбекстандан тышкары чайды сүйгөн он өлкөнүн катарына Кения (99,2%), Азербайжан (99,1 %), Пакистан (99 %), Кытай (98,9 %), Египет (98,5 %), Марокко (96,1 %), Казакстан (95,6 %), Нигерия (95,4 %) жана Индия (89 %) кирди.

Кофени өтө сүйүүчүлөр Гватемалада (99¸6%), Доминикан республиксында (99¸5%)¸ Бразилияда (97¸4%)¸ Эквадордо (97¸4%) жана Коста-Рикада (96¸9 %) жашайт.

Изилдөөнүн авторлору белгилегендей, Азиялык контингентте жашагандар чай ичүү боюнча алдынкы орунду бербейт. Бирок суусундуктун бул түрүнө бара-бара Латын Америка эли дагы ыктоодо.

Дүйнө элинин көпчүлүгү чай жана кофени жактырат.

XS
SM
MD
LG