Ссылки доступа

Армениянын өкмөтү 800 кызматтык унаадан баш тартууга даяр


Өкмөт мындан ары кызматтык унааларды колдонбой эле иштей алат. Мындай билдирүүнү  бийликтин аткаруу органынын отурумунда өкмөттүн аппарат башчысы  Давид Арутюнян билдирди.

«Адегенде 797 унаа кыскартылат. Биз коргоо жана тышкы иштер министрликтеринен бөлөк бардык министрликтер менен иштештик. Ошондой эле полиция, Улуттук коопсуздук кызматы, Тергөө комитети жана куткаруу кызматынан башка маморгандар менен да жумуш алып бардык. Бюджеттен каржыланган унаалардын 107си кыскартылат. Ал эми мамлекеттик түзүмдөргө караштуу фонддордогу жана ЖАКтардагы 690 унаа эми пайдаланылбай турган болот”, - деди Арутюнян.

Премьер-министрдин көзөмөлдөө кызматы мезгил-мезгили менен унааларды колдонуунун максатка ылайыктуулугун изилдеп турат. Мамлекеттик органдардын расмий сайттарында бардык кызматтык унааларга байланышкан маалыматтар жарыяланат. Анын ичинде ал кимди тейлей тургандыгы, маркасы, чыккан жылы, кыймылдаткычынын кубаттуулугу жана мамлекеттик номери кандай экендиги көрсөтүлөт.

Өкмөт мүчөлөрү кызматтык унааларды кыскартуу иштин натыйжасына таасирин тийгизбей тургандыгын айтышууда. Анткен менен 2016-жылга карата мамлекеттик бюджетти бекитип жаткан учурда бир дагы өкмөт мүчөсү кошумча түрдө дагы 83 унаа алууга, кызматтык унаалардын жалпы санын 1100 жеткирүүгө каршылык билдирген эмес.

XS
SM
MD
LG