Ссылки доступа

Кабулда талиптердин лидери өлтүрүлгөнүн тастыкташты


Ооганстандын чалгын кызматы талиптердин лидери Актар Мансурдун Пакистанда өлтүрүлгөнүн тастыктады.

Маалыматка ылайык, талиптердин лидери Ахтар Мансур абадан бомбалоо учурунда набыт болгон.

Мурдараак АКШнын аскер башчылыгынын өкүлү Ооганстандын Ахмади Вал аймагында америкалык пилотсуз учактар автомашинада бараткан эки кишиге чабуул жасаганын кабарлаган. Анда Ахтар Мансур менен кошо дагы бир согушкер өлгөн, жай тургундардан эч ким жабыркаган жок деп айтылган.

Ахтар Мансур “Талибан” кыймылын 2015-жылы мурдагы лидер Мухаммед Омар өлгөндөн бери жетектеп келе жаткан. Мансурдун дайындалышы талиптердин жиктешүүсүнө алып келген.

XS
SM
MD
LG