Ссылки доступа

Тажикстан: шайлоочулардын 94% Конституцияны өзгөртүүнү кубаттады


Тажикстанда добуш берүүнүн болжолдуу жыйынтыктары чыгарылды. Шайлоолор жана референдумдар боюнча борбордук комиссиянын маалыматы боюнча саясий өнөктүккө катышкан жарандардын 94,5 % Конституцияны өзгөртүүгө макулдугун билдирди.

БШКнын төрагасы Бахтиёр Худоёрзода Тажикстандын бардык телеканалдары аркылуу билдирүү жасап, 22-майдагы референдумга 4 миллион 38 миң жаран катышканын жарыялады. Алардын ичинен 3 миллион 814ү Баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнү колдогон.

Шайлоочулардын 3,3% өзгөртүүлөргө каршы пикирин билдирген.

Ошентип, өлкө президенти Эмомали Рахмон эми Тажикстанды чектөөсүз мөөнөткө башкара алат. Ал эми талапкерлерин эң төмөнкү жашы 35тен 30га түшүп, Рахмондун тун уулу президенттикти атасынан өткөрүп алууга мүмкүнчүлүк алды.

Мындан тышкары Тажикстандын Конституциясы диний жана улутчул маандайдагы партияларды түзүүгө тыюу салат.

XS
SM
MD
LG