Ссылки доступа

АКШ Сириядагы кандуу теракттарды айыптайт


Теракттар орусиялык аскер-деңиз объектиси жайгашкан Тартуста жана орусиялык авиабазанын башкармалыгынын жанындагы Жаблда болуп өткөн.

АКШ Латакия проинциясындагы жана Тартус шаарындагы “кандуу кол салууларды” чечкиндүү айыптап чыкты. Бул теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу мойнуна алды. Автобус станцияларындагы жана ооруканалардагы жардыруулардан жүздөн ашуун адам каза тапты.

"Биз Сириянын президенти Башар Асаддын режимин Алепподогу жана Дариядагы кол салууларды күчөтүүнү, шаарларды курчоого алууну жана гуманитардык жардамга тоскоол болууну токтотууга чакырабыз. Бул кадамдар аскерий иш-аракеттерди токтотууга, БУУ Коопсуздук кеңешинин 2254 резолюциясына, Сириядагы жаңжалды саясий жөнгө салууга болгон аракеттерди тоготпогон мамилени көрсөтүп турат”, - деп айтылат АКШ Мамдепартаментинин басма сөз катчысынын орун басары Марк Тонердин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG