Ссылки доступа

АКШ мамкатчысы Савченконун бошотулушун колдоду


АКШ мамкатчысы Жон Керри украиналык учкуч Надежда Савченконун бошотулуп, Орусиядан Мекенине кайтып келишин колдой тургандыгын билдирди.

Ал учкучтун бошотулушун "Орусиянын Минск келишимин аткаруусунун маанилүү элементи” деп атады. Мамкатчы Москваны аталган келишим боюнча башка милдеттенмелерин да жүзөгө ашырууга чакырды. Анын ичинде туткундарды жана барымтадагы адамдарды бошотуунун, аскерлерди алып чыгуунун жана Украинанын Донецк менен Луганск облустарындагы көзөмөлүн калыбына келтирүүнүн зарылдыгын белгиледи. Керри терроризмге айыпталып жаткан эки орусиялык аскерди бошотуу туурасындагы чечимди да кубаттай тургандыгын билдирди.

Савченконун бошотулушун Батыштын башка өкүлдөрү да колдошту. Евробиримдиктин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Федерика Могерини муну “көптөн күткөн жакшы кабар” деп атады. Германия ТИМинин башчысы Франк-Вальтер Штайнмайер Савченко бошотулгандан кийин “кубанычка бөлөнүп, жеңилдене түшкөндүгүн” билдирди.

Украина президенти Петр Порошенко Савченкону бошотууга берген жардамы үчүн Кошмо Штаттар менен ЕБ өлкөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

Савченко шаршембиде Орусиянын президенти Владимир Путин ага ырайым кылуу жөнүндө жарлыкка кол койгондон кийин бошотулган. Украина президенти ошол эле күнү Орусиянын жарандары Евгений Ерофеев менен Александр Александровго кечирим кылып, экөө Мекенине кайтып келишкен.

XS
SM
MD
LG