25-майда ИИМдин расмий сайтында маалымдалгандай, аталган майрам аяктагандан кийин чачтарын, кийимин жана бети-башын боёп алган 40-50дөй адам коомдук тартипти одоно бузушкан.
«Мындай жүрүм-турум Дүйшөмбү шаарынын жашоочуларын кабатыр кылган. Көптөгөн адамдардын кайрылуусу менен 48 шектүү адам, анын ичинде 31 жашы жете элек жана 17 жаш адам Сомон и райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген”, - деп айтылат маалыматта.
Тийиштүү документтер толтурулуп, ата-энелери менен сүйлөшкөндөн кийин өспүрүмдөр менен жаштар кое берилген.
«Милиция кызматкерлери мыйзам чегинде чара көрүшкөн. Болбосо бул баш-аламандыкка алып келиши ыктымал болчу”, - деп белгиленет сайтта.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө таратылган аудиотасмада милиция кызматкерлери кармалган кыздарга орой мамиле жасаган учуру жазылган.
«Холи» - Индиянын улуттук-диний майрамы. Тажикстан жаштары аны төрт жылдан бери белгилеп келе жатышат.