Бул туурасында "Азаттыктын" өзбек кызматына камактагылардын туугандары маалымдаган.
– Бошотулушу керек болгондор эркиндикке чыга элек. Ар кандай шылтоо таап, алардын мөөнөтүн узартып жатышат. Туугандары бул жөнүндө сөз кылуудан да коркушат. Айтсаңар түрмөдөгү тууганыңарга жаман болот деп жүрөгүнүн үшүн алып коюшкан, - дейт Анжияндагы өздүк булак.
– 2006-жылы Ташкен облусунун райондук сотторунда Анжиян окуяларына катышкандардын соту өткөн. Бир жолку жараянда эле 15-20 адамды соттошкон. Алардын баары 12ден 18 жылга чейин түрмөгө кесилишти. Өкүмдүн көчүрмөлөрүн, ошондой эле алар канча мөөнөткө кесилгендиги жана кайсы абакта отура тургандыгы жөнүндө маалыматты эч кимге, ал гана эмес туугандарына да бербей коюшкан. Мен алар эркиндикке чыкпай калды го деп ойлойм, анткени алар өтө көп нерсени билишет, - дейт Өзбекстандын Көз карандысыз укук коргоочуларынын демилгелүү тобунун жетекчиси Сурат Икрамов.
2005-жылдын 13-майында Анжиянда болгон кандуу окуялар бийлик тарабынан террорчулук жана мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет катары бааланган. Сурат Икрамовдун пикиринде, кеминде 460 адам аталган окуяларга катышкан деген айып менен түрмөгө отургузулган.