Ссылки доступа

Миллиардер Дональд Трамп керектүү добушту топтоду


Миллиардер Дональд Трамп Республикалык партиянын съездинде АКШ президенттигине талапкер болуу үчүн делегаттардын керектүү колдоосуна ээ болду.

Бул туурасында буга чейин расмий түрдө бир дагы талапкерди колдобой келген көз карандысыз делегаттардын тобу мындан ары Трампка кол сунуу ниетин ачыктаган соң белгилүү болду.

Ошентип, миллиардер талапкер зарыл болгон 1237 добуш топтой алды.

Трапмтын республикалыктардын атынан чыгары май айынын башында эле белгилүү болгон. Себеби анын атаандаштары ички шайлоодо жеңилип калып, марадан четтеген эле.

Акыркы сурамжылоолор боюнча Дональд Трамп шайлоочулар арасында белгилүү болуп бара жатат. Анын рейтинги атаандашы – демократ Хиллари Клинтондукуна жакындап калды.

Республикалык партиянын съезди Кливлендде июлдун соңунда болот. АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG