Ссылки доступа

Өзбекстан ШКУ саммити үчүн 50 даана Cadillac унаасын сатып алды


Жакында Ташкентке жапжаңы 50 даана Cadillac унаасын жана 4 даана Coach Higer кичи автобустарын алып келишти.

Ca-News социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларына шилтеме берүү менен маалымдагандай, аталган унаалар Ташкентте өтө турган ШКУ саммитине келчү жогорку даражалуу конокторду тейлөө үчүн алынган.

Интернетте жыйын учурунда кызмат кыла турган унаалардын тизмеси көрсөтүлгөн документтин сүрөтүн да жайгаштыргылган.

ШКУ саммити ушул жылдын 23-24-июнунда Ташкентте өтөт.

XS
SM
MD
LG