Ссылки доступа

Петербург: активисттер көпүрөгө Кадыровдун ысымын ыйгарууга каршы


Санкт-Петербургда “Молодежное Яблоконун” активисттери Дудергоф каналындагы көпүрөгө Ахмат Кадыровдун ысымын ыйгарууга каршы акция өткөрүштү.

“Молодежное Яблоконун” беш активисти Дудергоф каналынын аты жок көпүрөсүнүн таянычтарына өздөрү ылайыктуу деп эсептеген жети аталыш жазылган тактайчаларды илип коюшту. Аларда: "Кытай көпүрөсү", "Шанхай көпүрөсү", "Бермет көпүрөсү", "Седеп көпүрөсү", "Түндүк деңиз көпүрөсү", "Владивосток көпүрөсү" жана “Баатырлар көпүрөсү" деп жазылган.

Оппозициячылдар бул жол менен көпүрөгө Ахмат Кадыровдун атын берүүгө каршылыгын билдиришкен. Аталган ысымды ыйгаруу демилгесин Санкт-Петербургдун мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Виталий Милонов 2014-жылы көтөрүп чыккан.

Бүгүн, 30-майда, Смольныйда топонимикалык комиссиянын кезексиз отуруму болуп, бул боюнча акыркы чечим кабыл алынат. Комиссиянын айрым мүчөлөрү аларга Смольный чиновниктери аябагандай кысым көрсөтүп жатышкандыгын айтышууда.

Ахмат Кадыров - Чечен республикасынын тун президенти, Рамзан Кадыровдун атасы. Ал 2004-жылы көз жумган.

XS
SM
MD
LG