Ссылки доступа

ИИМ башчысы жумуштан чарчагандыктан отставкага кетти


Бул тууралуу бүгүн кызматтан алынган мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, кызматтан кетүү боюнча өзү арыз жазган.

“Буга чейин кызматтан кетүү боюнча арыз бергем. Президент бүгүн кол коюптур. Кызматтан кетүүмдө эч кандай саясат жок. Жөн гана эс алууну чечтим. Министрлик кызмат мен үчүн түбөлүк берилген эмес”,- деди Мелис Турганбаев.

Турганбаев 2010-жылдан бери эмгек өргүүгө чыкпастан эмгектенип келгенин кошумчалады.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Мелис Турганбаевди кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койгон. Анын ордуна Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кашкар Жунушалиевди Ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып дайындап, анын талапкерлигин Жогорку Кеңешке сунуштоо тапшырмасын премьер-министрге берди.

Мелис Турганбаев ИИМдин жетекчиси болуп 2014-жылдын октябрь айынан бери эмгектенип келген.

XS
SM
MD
LG