Ссылки доступа

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда


Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине кат менен кайрылды. Анда Зика вирусунун адамга туудурган коркунучунан улам жайкы Олимпиада оюндарын кийинкиге жылдырып же Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырышкан.

"Кандай болгон күндө да Олимпиада Риодо өткөрүлүшү керек, бул оюндардын мааниси чоң, андан баш тартууга болбойт деген пикирлерге карабастан, биз ушундай чакырык жасап жатабыз, - деп айтылган катта.

Дарыгерлердин пикиринде, Зика вирусунун бразилиялык түрү адамга буга чейин илимий жактан изилденбеген ыкмалар менен зыян келтирет. Ошондуктан 500 миңден ашуун туристтин өмүрү жөн жерден тобокелге салууга болбойт. Эгер алар оору жуктуруп алса, бүткүл дүйнөгө жайылып кетүүгө өбөлгө түзүлүшү мүмкүн.

Аталган спорттук оюндарды кийинкиге калтыруу же башка өлкөдө өткөрүү мүмкүнчүлүгү болуп турганда мындай тобокелдикке баруу этикага жатпайт дешет дарыгерлер.

Ал эми БССУ өкүлдөрү Оюндарды өткөрбөө же башка өлкөгө которуу Зика вирусунун дүйнөгө таралышына анчейин таасирин тийгизбейт деп билдирүү жасашты.

Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндары 5-августтан 21-августка чейин өткөрүлөт. Бул шаар Зика вирусу таралган эпицентрлердин бири болуп саналат. Аталган вирус микроцефалияга – баланын баш сөөгү кичирейип, акыл-эси кем болуп калышына алып келет.

XS
SM
MD
LG