Ссылки доступа

Орусиядан миңдеген мигрант чыгарылды


Москва полициясы өткөргөн “Нелегал 2016” жана “Заслон 2016” атайын операциялары учурунда 5,5 миңден ашуун мигрант мыйзамсыз жүрөт деп табылып, Орусиядан чыгарылган.

Полиция болсо издөөдөгү 150 кылмышка шектүү кармалып, 14 миңден ашууну миграция мыйзамын бузганын, эки килограммдан ашуун маңзат жана 180 чамалуу даана курал табылганын билдирүүдө.

Ошол эле учурда так кайсы өлкөнүн канча жараны чыгарылганы айтылган эмес. Орусия Ички иштер министрлигинин Москва башкармалыгынын башчысынын орун басары Геннадий Голиков мыйзамсыз жүрөт делгендердин көбү 2200 батирден кармалганын айтты. Ал батирлер мигранттарга мыйзамсыз ижарага берилгени белгиленет.

Ал эми мигранттарга укуктук жардам берген “Помощь” уюмунун жетекчиси операция учурунда укугу бузулганына арызданып кайрылгандар көп болгонун айтты. Алардын басымдуусу Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG