Февраль айында бычактан ондон ашуун жаракат алган келин ооруканага кайрылган. Тергөөнүн билдиришинче, келин Сериккалиевден уулдуу болгонун айтып, аталыкты таанууну талап кылган.
Ал эми аким Сериккалиев райондук турак жай-коммуналдык чарбасынын жетекчисинен 500 миң теңгеге келинди өлтүрүүнү тапшырганын тергөө белгилейт. Кол салууну аткаргандар да учурда камакта.
38 жаштагы Женис Сериккалиев 2013-жылдан бери Теректи районун жетектеп, быйыл майда өз арызы менен кызматынан бошогон болчу.