Ссылки доступа

Путин Астанага келди


Орусиянын президенти Владимир Путин Астанага Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн келди. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайты кабарлады.

Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын отурумунда интеграцияны тереңдетүүнүн келечегине байланышкан маселелер талкууланат. Анын ичинде газ, мунай жана мунайзаттардын жалпы рыногун түзүү, чет өлкөлөр жана аймактык интеграциялык бирикмелер менен соода-экономикалык алаканы кеңейтүү маселелери каралат. Кеңештин отуруму тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлөт. Тараптар биргелешкен чечимдер менен документтерге кол коюшат.

Андан соң кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын урматына Назарбаевдин атынан жумушчу нанүштө уюштурулуп, андан кийин Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Саркисян отурумду жыйынтыктайт.

Ошондой эле Астанадагы отурумдун алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу өтөт.

XS
SM
MD
LG