Анын сөзүнө караганда, муну Германия менен Франция гана эмес, АКШ да түшүнүүдө. "Азыр коопсуздук темасы президент Порошенко үчүн эң маанилүү маселелерден болуп турат. Ок атышпоо гана эмес, Донбасста кандайдыр бир эл аралык күчтөрдүн жардамы менен коопсуздукту камсыздоо ал үчүн өтө маанилүү", – деди Лавров. Бирок мындай күчтөрдү жайгаштыруу Минск келишиминде каралган эмес жана Донбасс буга эч качан макул болбой тургандыгын баса белгиледи.
Дүйшөмбүдө Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Михаил Коваль Орусиянын жетекчилиги Донбасстагы жаңжалды тынч жол менен чечүү мүмкүнчүлүгүнө кедерги болуп жаткандыгын билдирген. Орусия “Украинага карата агрессивдүү ниеттеринен кайткан жок”, дейт ал. Коваль Орусия батыш жана түштук-батыш багыттарында, анын ичинде украиналык мамлекеттик чек аранын жанындагы аскерий күчтөрүнүн кубаттуулугун арттырып жатат деп белгилөөдө.