Ссылки доступа

Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда


«Балдарбы же мунайбы?” коалициясы Казакстан бийлиги менен Chevron, Eni, BG Group, «Лукойл» жана «КазМунайГаз»  компанияларын Берёзовка айылындагы балдардын ооруга чалдыгышына мунай кениндеги авария себепчи болгондугун мойнуна алууга чакырууда.

Коалициянын активисттери өлкө бийлигин жана аталган консорциумдун мүчөлөрүн Берёзовкадагы үй-бүлөлөргө ден-соолугуна келтирилген зыян үчүн кенемте төлөп берүүгө чакырды.

Коалиция тараткан билдирүүдө аталган айылдын жабыркаган балдарынын абалы жакшырбай жаткандыгы кабарланган. Былтыр Берёзовка айылынын жашоочулары Аксай шаарына көчүрүлгөн болчу. Антсе да балдардын абалы оор бойдон калууда. Алардын үй-бүлөлөрү орусиялык клиникаларга кайрылууга мажбур, анткени «Казакстандын мамлекеттик клиникаларында балдарга ууланууга байланышпаган диагноздорду коюп жатышат”. Айыл жашоочулары эми Казакстандагы адам укуктары боюнча эл аралык бюрого жардам сурап кайрылышты.

Казакстан президентинин штаттан тышкаркы кеңешчиси Владимир Школьник Казакстандын энергетика министри болуп турган чагында Берёзовка айылындагы балдардын массалык ууланышынын себеби мектептеги “жакшы иштебеген” буу казандарга байланыштуу деп билдирген болчу. Бийлик айылдын жанында мунайгаз өндүргөн консорциумдан айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 2014-жылы миллиарддаган айып пул төлөткөндүгүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG