Ссылки доступа

Тажикстан бийлиги: чегирткенин карды ток, зыяны жок (видео)


Тажикстандын Фархор районунун Сурхоб кыштагындагы эгин талааларында чегиртке жайнап кетти. Ал жерге келген бийлик өкүлдөрү жандыктын зыяны жок экендигин айтып элди тынчтандырууга аракет кылууда.

«Биз айылдык кеңештин төрагасына чегирткелер эртең мененки ондордон түшкү үчтөргө чейин талаага жабылып келип жаткандыгын айтып жатабыз. Ушул убакта алар эгинди жебей коймок беле? Бирок ал чегиртке эгинге тийбейт, болгону алар көбөйүү максатында гана учуп келип жатышат деп айтып жатат... Антпей эле алар март айынан бери эле эгинден эч нерсе калтырбай жок кылышты, эч нерсе эккенге мүмкүн эмес болуп калды”, -деди дыйканчылык менен алектенген Мастона Куданова.

Мындагы дыйкандар жылына ондогон гектар айдоо аянттарына эгин өстүрүшүп, ошондой эле дарбыз, коон да эгишет. Бирок Хатлон облусунун 51 миң гектар эгин талаасын мароккан чегирткеси басып кетти.

Аймактарда чегирткеге каршы күрөшүү штабдары түзүлгөнү менен талааларга дары чачуу үчүн каражат бөлүнгөн эмес.

http://flashvideo.rferl.org/Videoroot/Pangeavideo/2016/06/8/82/82c69d9a-25ce-4cff-9582-4756614b4caa.mp4

XS
SM
MD
LG